Ысык-Көл акваториясында 800 м синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды. 2026-жылдын 16-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Ананьево айыл аймактарында кезектеги рейддик иш-чараларды жүргүзгөн

Чүй өрөөнү

Ысык-Көл акваториясында 800 м синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды. 2026-жылдын 16-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Ананьево айыл аймактарында кезектеги рейддик иш-чараларды жүргүзгөн.

Анын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган жалпы узундугу 800 метрди түзгөн синтетикалык торлор аныкталып, алынып тазаланды. Мындан тышкары, көлдүн жээгинен жана суунун ичинен 20 килограммга жакын таштанды чыгарылган.

Аталган иш-чаранын негизги максаты — көлдүн экологиялык абалын сактоо, балык ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү болуп саналат.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылышты коргоого, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөөгө жана экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пулдар салынат.