Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Ноокен районунун аймагында жайгашкан эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында ыкчам рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Ноокен районунун аймагында жайгашкан эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында ыкчам рейд өткөрүлдү.

Ыкчам рейддин жүрүшүндө айрым эс алуу жана тамактануу жайларында таштандыларды Алаш сайына таштоо жана тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, жалпы 35 550 (отуз беш миң беш жүз элүү) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, аталган жайлардын ээлерине таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабоо, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилди. Аныкталган таштандылар тазаланып, аймактар иретке келтирилди.