Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайда өрт чыккандыгы аныкталды

Жалал-Абад өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайда өрт чыккандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө таштанды полигонун эксплуатациялоодо экологиялык талаптардын сакталбагандыгы белгиленди.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, полигонду иштеткен жооптуу жакка 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Таштанды таштоочу жайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.