«Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан Ак-Талаа районунун Турук участкасында жайгашкан “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасына пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тоо-кен тармагы боюнча белгиленген коопсуздук жана өндүрүштүк талаптардын айрым пункттары аткарылбаганы аныкталды.

Жыйынтыгында жалпы 87 000 (сексен жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн ишканага 15 күн мөөнөт берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тоо-кен жана өндүрүш тармагындагы бардык уюмдарга коопсуздук, экологиялык жана техникалык талаптарды так сактоону эскертет. Мыйзамдардын сакталышы – эмгек коопсуздугун, айлана-чөйрөнү жана жарандардын ден соолугун коргоонун негизги шарты болуп саналат.