Ош облусундагы рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган 5 жаран аныкталды

Ош өрөөнү
Ош облусундагы рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган 5 жаран аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Араван жана Ноокат райондорунун аймагында жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин негизги максаты — аңчылык кылуу жана балык уулоо эрежелеринин сакталышын текшерүү, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган 5 жаран аныкталды. Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 5 административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар арасында аңчылык кылуу жана балык уулоо эрежелерин сактоо, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Министрлик жарандарды жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасоого, экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоого жана мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат. Жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытындагы көзөмөлдөө жана алдын алуу иш-чаралары улантылат.