Мыйзамсыз аң уулоонун эрежелерин бузгандар кармалды

Чүй өрөөнү
Мыйзамсыз аң уулоонун эрежелерин бузгандар кармалды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору мыйзамсыз аң уулоону аныктоо боюнча рейд жүргүзүштү.  


Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында аң уулоонун белгиленген эрежелерин бузуп, мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды. Текшерүү учурунда алардан жырткыч канаттуу – кыраан куш (ястреб-тетеревятник) алынган.   


Эреже бузгандарга карата административдик протоколдор түзүлүп, төмөнкүдөй айып пул салынды:  

- 261-берене(2 учур) – 20 000 сом(ар бир мыйзам бузуу үчүн 10 000 сомдон);  

- 263-берене– 12 500 сом.  


Экология жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аң уулоо жана эрежелерди бузуу административдик жана кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого жана өлкөбүздүн жапайы жаратылышына аяр мамиле кылууга чакырабыз.