Бишкек-Ош автожолунун Ноокен районундагы бөлүгүндө атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд учурунда үч айдоочуга 22 500 сом айып пул салынды

Ош өрөөнү
Бишкек-Ош автожолунун Ноокен районундагы бөлүгүндө атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд учурунда үч айдоочуга 22 500 сом айып пул салынды
Бишкек-Ош автожолунун Ноокен районундагы бөлүгүндө атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд учурунда үч айдоочуга 22 500 сом айып пул салынды. 


Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Ноокен районунда райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү.


Рейддин негизги максаты – автотранспорт каражаттарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, абанын булгануусунун алдын алуу жана айдоочулар арасында экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.


Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 15 автоунаа токтотулуп, техникалык абалы текшерилди. Текшерүүдө унаалардан чыккан түтүндүн курамы жана зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашуусу дымомер аппаратынын жардамы менен аныкталды.