Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын одоно бузган 12 учур аныкталып, алар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү. Натыйжада, жалпы суммасы 66 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын одоно бузган 12 учур аныкталып, алар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү. Натыйжада, жалпы суммасы 66 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды
Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын одоно бузган 12 учур аныкталып, алар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү. Натыйжада, жалпы суммасы 66 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.


Аталган иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында уюштурулду. Рейддин негизги максаты – жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында авто жана мототранспорт каражаттарынын мыйзамсыз жүрүүсүнүн алдын алуу.


Жайыттар – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жана экологиялык туруктуулукту сактоодо өзгөчө мааниге ээ болгон табигый ресурс. Автоунаалардын, мотоциклдердин жана квадроциклдердин жашыл өсүмдүк катмарын тебелеп өтүүсү жайыттардын деградациясына, топурактын бузулушуна, эрозиялык процесстердин күчөшүнө жана табигый экосистеманын жабыркашына алып келет.


Ушуга байланыштуу, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жайыттарды жана жаратылыш байлыктарын сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылууга, ошондой эле жаратылышты коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.