Ысык-Көлдө рейд учурунда 7,3 чакырым эски синтетикалык тор жана 130 кг тиричилик калдыгы чыгарылды
20-июль 2026, 13:29
Чүй өрөөнү
Ысык-Көлдө рейд учурунда 7,3 чакырым эски синтетикалык тор жана 130 кг тиричилик калдыгы чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл акваториясында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Рейд Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтуу максатын көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 7 300 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды. Мындан тышкары, 130 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылып, тиешелүү тартипте тазаланды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилейт.