Ысык-Көлдө рейд учурунда 11,6 чакырым эски синтетикалык тор жана 190 кг тиричилик калдыгы чыгарылды
21-июль 2026, 09:57
Ысык-Көлдө рейд учурунда 11,6 чакырым эски синтетикалык тор жана 190 кг тиричилик калдыгы чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл акваториясында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Рейд Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтуу максатын көздөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2026-жылдын 15-июлунан тартып ушул күнгө чейин көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 11 600 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды. Мындан тышкары, 190 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылып, тиешелүү тартипте тазаланды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилейт.