Өзгөн районунун Кемпир-Абад суу сактагычында майзамсыз 200 метр синтетикалык тор салып жүргөн жарандар кармалышты. Рейдди Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотурдуулук бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн
07-июль 2026, 12:22
Өзгөн районунун Кемпир-Абад суу сактагычында майзамсыз 200 метр синтетикалык тор салып жүргөн жарандар кармалышты. Рейдди Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотурдуулук бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн.
Андан сырткары, иш чара учурунда, балык уулоонун эрежелерин бузган жарандар аныкталып, аларга карата 8500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Ушундай эле иш чара Талас облусунун Айтматов районундагы Киров суу сактагычында жүргүзүлгөн. Суу сактагычтын аймагынан мыйзамсыз балык уулоо боюнча 200 метрден ашуун синтетикалык тор табылып, суудан чыгарылып, тийиштүү акт түзүлгөн.
Синтетикалык торлор суудагы биоартүрдүүлүккө, өзгөчө балыктардын тукумунун көбөйүшүнө жана сакталышына чоң зыян алып келүүдө. Ошондон улам, Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан жаратылышты коргоо багытындагы рейддик иш-чаралар туруктуу улантулыла бермекчи.