Баткенде жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран жоопкерчиликке тартылды

Чүй өрөөнү
Баткенде жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран жоопкерчиликке тартылды

Баткенде жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран жоопкерчиликке тартылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аңчылыктан коргоо максатында жүргүзүлгөн кезектеги рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагынан С.К. аттуу жаран тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок бир баш жапайы каманды мыйзамсыз аткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жапайы жаратылышка келтирилген зыян үчүн 50 000 сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Жапайы жаныбарлар жаратылыш байлыгы болуп саналат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Аларга мыйзамсыз аңчылык кылуу биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына олуттуу коркунуч жаратып, экологиялык тең салмактуулукка терс таасирин тийгизет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды аңчылык жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Мыйзамсыз аңчылыкка жол берген жарандарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүп, келтирилген экологиялык зыян толук көлөмдө өндүрүлөрүн эскертет.