Ак Талаа районунун Жылаңач жайлоосунан эч кандай урууксаат кагазы жок сайсыз 20 калибрдеги аңчылык куралды колдонуп жүргөн Ак Талаа районун Конорчок айылынын тургуну М.А.К. аттуу жараан кармалды. Алынган курал Ак Талаа РИИБне иликтөөгө өткөрүлүп берилди
10-июль 2026, 11:32
Ак Талаа районунун Жылаңач жайлоосунан эч кандай урууксаат кагазы жок сайсыз 20 калибрдеги аңчылык куралды колдонуп жүргөн Ак Талаа районун Конорчок айылынын тургуну М.А.К. аттуу жараан кармалды. Алынган курал Ак Талаа РИИБне иликтөөгө өткөрүлүп берилди.
Рейддик иш чаралар Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
Ошондой эле Арпа суусунан эч кандай уруксааты жок, балык уулоонун эрежелерин аткарбаган 3 жаран аныкталып Укук бузуулар кодексине ылайык ар бирине 1000 (бир мин) сомдон 3000 с айып салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды жаратылышты коргоого жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырып, рейддик иш чаралар мындан ары да улана тургандыгын билдирет.