Ысык-Ата районунда тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайлардагы абал менен таанышуу болду

Чүй өрөөнү
Ысык-Ата районунда тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайлардагы абал менен таанышуу болду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилиги алдында министрликтин өкүлдөрү катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайлардагы учурдагы кырдаалды жеринен көрүп, таанышуу максатында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна, Кант шаарына жана Ивановка айылына иш сапары менен барышты. 1970-жылдардан бери иштеп келе жаткан, аянты 11 гектарды түзгөн Гагарин айыл аймагындагы таштанды полигонуна 6 калктуу конуштун тиричилик калдыктары чыгарылат. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү аталган жайларда таштанды газдарынын (метандын) топтолушунан улам калдыктардын өзүнөн-өзү тутанып, күйүп жана түтөп жатканы аныкталды. Метан — эң кичинекей учкундан да оңой тутануучу күйүүчү газ.

Метандын топтолушуна негизинен органикалык калдыктар: тамак-аш калдыктары, бутактар жана чөп себеп болот. Ошондой эле калдыктардын чирүү процессинде жылуулук бөлүнүп чыгат. Таштанды полигонунун терең катмарларында таштандылардын тыгыз жайгашуусунан улам жылуулуктун сыртка чыгышы кыйындап, температура 60–80 °Cге чейин көтөрүлүшү мүмкүн.Күйүүчү материалдар (кагаз, кургак чөп жана пластик) болгон учурда өзүнөн-өзү тутануу процесси башталат. Өрттүн очогу таштандынын бир нече метр тереңдигине чейин жайылып, метандын эсебинен улам туруктуу түтөп күйүп турат.

Мындай процесс туура техникалык долбоорлоосуз бардык башаламан таштанды полигондорунда болот. 

Министрлик тарабынан мындай башаламан таштанды төгүүчү жайларды жоюу максатында эл аралык талаптарды, курулуш нормаларын жана эрежелерин (СНиП), ошондой эле мамлекеттик стандарттарды (ГОСТ) эске алуу менен катуу тиричилик калдыктары үчүн заманбап полигондорду курууну жөнгө салуучу техникалык ченемдер алгачкы жолу иштелип чыгып, кабыл алынды.

Аталган ченемдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 525 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» документтин негизинде ишке ашырылат.

Полигондорду курууда технологиялык регламентти так сактоо, дайыма күйүп-жалындап туруу, токсиндүү газдардын жана диоксиндер менен оор металлдарды камтыган зыяндуу түтүндүн чыгышы сыяктуу көйгөйлөрдү чечет.

Ошондой эле, Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын сактоону күчөтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке ашырылып жаткан долбоорду тездетүүгө көмөк көрсөтөт. 

Кант шаарынын мэриясы таштанды полигонунун аймагында пайдалуу фракцияларды (пластик, кагаз, алюминий банкалар, айнек ж.б.) бөлүү үчүн сорттоо линиясын орнотууну пландап жатат. 

2024-жылдан баштап, Министрлик, ЕАӨБ (Евразия өнүктүрүү банкы) жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, ошондой эле "ТазаБио Сервис" ЖЧК ортосунда түзүлгөн Меморандумдун негизинде 6 компоненттен турган "таштандыларды сорттоо пунктун түзүү" долбоору ишке ашырылууда. 

Бүгүнкү күндө долбоордун 1–4-компоненттери аяктады. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу иштери аяктоо баскычында турат.

Долбоордун жалпы наркы (инвестициянын көлөмү) 30 млн АКШ долларын түзөт. Комплексти пайдаланууга берүү 2030-жылга пландаштырылууда.

Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:  

- Таштандылардан альтернативдик отун (RDF) өндүрүүчү линиясы бар    таштандыларды сорттоо станциясы, "КЦЗ" ААКда ишке ашырылат; 

- Органикалык калдыктарды компосттоо станциясы, жылына 16,5 миң тонна кубаттуулукта; 

- Жергиликтүү тазалоочу курулуштар; 

- Кайра иштетилген чийки заттарды сактоочу кампалар.

 

Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын сактоону күчөтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке ашырылып жаткан долбоорду тездетүүгө көмөк көрсөтөт.