Ысык-Көлдө саркынды суу ташыган факты аныкталып, мыйзам бузуу боюнча айып пул салынды
24-июнь 2025, 12:21
2025-жылдын 23-июнунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Голубой Иссык-Куль” ден соолукту чыңдоо эс алуу жайына байланыштуу видео кайрылуу боюнча жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Кызматтын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн аныктоо иштеринин жүрүшүндө, эс алуу жайынын аймагындагы саркынды суу системасында оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда, саркынды суу кетүүчү түтүгүн жарып алышкандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында “Голубой Иссык-Куль” эс алуу жайына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 211-беренесине (жаратылышты коргоо курулмаларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) ылайык протокол түзүлүп, 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле, кызматтын адистери тарабынан эс алуу жайынын жетекчилигине айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам талаптары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.