Жайыл районунда абанын булгануусун алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Жайыл районунда абанын булгануусун алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

Жайыл районунда абанын булгануусун алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан көмүр кампаларда рейддик түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралар №639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомунун талаптарын аткаруу максатында өткөрүлүп, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү 0–13 мм фракциясындагы чачылма көмүрдү ташып келүү, сатуу, сактоо жана пайдаланууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Инспекторлор көмүр кампаларынын ишмердүүлүгүн текшерип, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча талаптарды эске салышты. Ошондой эле көмүр менен соода кылуучуларга мыйзам бузуу фактылары катталган учурда административдик чаралар көрүлөрү тууралуу эскертүү берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана ишкерлерди экологиялык талаптарды сактоого чакырат жана абанын сапатын коргоо — ар бирибиздин жалпы жоопкерчилигибиз экенин эскертет.