Жайыл районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Жайыл районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды

Жайыл районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды 

2025-жылдын 23-октябрында саат 18:00 чамасында Жайыл районунун Малтабар айылынын жанында, Беш-Терек трассасынын боюнда мыйзамсыз аңчылык болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери внештаттык инспекторлордун жардамы менен ыкчам рейд жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда унаанын ичинен ПСП үлгүсүндөгү пневматикалык курал табылган.

Бул факт боюнча жаранга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 10 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Чүй регионалдык башкармалыгы жарандарды мыйзамдарды сактоого, жапайы жаныбарларды коргоого жана жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырат.

Жаратылыш — жалпы байлык, аны бирге сактайлы!