Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ

Жалал-Абад өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактардагы маалыматтык кампания улантылып, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон   районунун уч айыл окмотундо, мыйзамсыз таштанды жайларын тартипке келтирүү боюнча жана абанын булганышын алдын-алуу максатында Жалал-Абад шаарындагы отканага баруу менен уланды. 

Аталган райондогу уч айыл окмотундо, койгойлуу деп саналган мыйзамсыз полигондор жеринен каралды. Базар-Коргон районунун таштанды маселесин чечуудо жергиликтуу бийлик 10 млн сом долбоорду ишке ашыра тургандыгы белгилуу болду. 

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында бардык талаптарга жооп берген полигон бар. Аянт тосулган, беккеринин чуңкуру, пост жана коопсуздук шарттары каралган. Таштандылар жеринде иргелет. Бул багытта министрликтин адистери бул талаптарды бардык аймактар аткарылышын айта кетти. 

Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын эки отканасы каралды. 

Иш-сапардын жыйынтыктоочу куну  министрликтин регионалдык Жалал-Абад башкармалыгында абанын булганышын алдын алуу боюнча отурум болуп, ага тиешелуу мамлекеттик органдар жана эко активисттер катышып, бул багытта иш алып баруунун устундо пикир алышуу жана талкуу откорулду. 

Мындай иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында ɵткɵрүлɵт.