Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз аңчылыкка үч жаранга 37,5 миң сом айып пул салынды
23-ноябрь 2026, 11:59
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу жана балык ресурстарын коргоо максатында ыкчам рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаралар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун аймагында жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен үч жаран аныкталып, аларга жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, үч жаранга жалпы 37 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, тиешелүү протоколдор жеринде түзүлдү.
Мындан тышкары, жарандардын бири тарабынан жаныбарлар дүйнөсүнө таандык бир баш кекилик мыйзамсыз олжолонгону аныкталды. Бул факты боюнча жаратылыш ресурстарына келтирилген зыян үчүн кошумча 2 000 сом өлчөмүндө доо коюлуп, тиешелүү талаа актысы түзүлдү.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого, жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга жана мыйзамсыз аңчылык фактыларына жол бербөөгө чакырат. Жаратылыш ресурстарын коргоо багытындагы рейддик жана көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.