Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казып алуу фактылары аныкталып, эки жаранга айып пул салынды
06-ноябрь 2026, 09:07
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Сузак жана Ноокен райондорунун аймагында жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын өндүрүш зонасынан (промзона) ылдыйкы бөлүгүндө оор техникалардын жардамы менен мыйзамсыз кум-шагыл казылып жаткандыгы тууралуу түшкөн кайрылуулардын негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Анын натыйжасында мыйзам бузуу фактысы аныкталып, тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык, күнөөлүү тарапка 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, Ноокен районунун Арал айылынын аймагында, Кара-Үңкүр дарыясында уруксат берүүчү документтери жок кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы аныкталды. Бул боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуга 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө мыйзам бузган жарандарга жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тартиби жана тиешелүү уруксат берүүчү документтердин болушу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.