Ак илбирсти изилдөө максатында «Шамшы-Туюк» коругунда фотокапкандар орнотулду

Чүй өрөөнү
Ак илбирсти изилдөө максатында «Шамшы-Туюк» коругунда фотокапкандар орнотулду

2025-жылдын 15–21-сентябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аңчысы жана егери Япониядан келген окумуштуулар менен биргеликте Чүй районундагы «Шамшы-Туюк» коругунда 27 фотокапкан орнотту.

Фотокапкандарды орнотуунун негизги максаты – коруктун аймагындагы ак илбирстин санын аныктоо жана алардын жашоо чөйрөсүн илимий негизде изилдөө болуп саналат.

Иш-чарага төмөнкүлөр катышты:

Жумабай уулу Кубанычбек – «Ак илбирс» фонду;

Киношита Кодзуэ – Киото университети, Азия жана Африка боюнча аймак таануу жогорку мектеби;

Эсимора Хирото – Киото университети, Жапайы жаратылышты изилдөө борбору;

Кикути Дейл – Токио айыл чарба университети, Био-ресурстарды өздөштүрүү факультети.