Жети-Өгүз районунда буга чейин кездешпеген ири көлөмдөгү бугу байкалды
27-октябрь 2026, 12:21
Жети-Өгүз районунун капчыгайында ири көлөмдөгү бугу байкалды. Жон-Булак айылынын тургуну мал кайтарып жүргөн учурда бугуну көрүп, видеого тартып алган. Тартылган видеону ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгына жөнөткөн. Күбөнүн айтымында, бугунун көлөмү абдан чоң болуп, аттан да чоң көрүнгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин бугу-маралдар Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун аймактарында гана катталган. Ал эми Жети-Өгүз районунда бугу буга чейин кездешкен эмес.
Бугунун табигый шартта өз алдынча келип кездешүүсү жапайы жаныбарлардын табигый миграциясына байланыштуу болушу мүмкүн. Бул көрүнүш бугу-маралдардын таралуу аймагы кеңейип жатканынан кабар берет.
Бугунун жаңы аймакта байкалышы жапайы жаныбарлардын таралышын жана алардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү изилдөө үчүн маанилүү маалымат болуп саналат.
Бул окуя Жети-Өгүз аймагындагы жаратылышты коргоонун, жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүүнүн жана алардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салат.