Жашыл мураска салым: Токмокто 2000 көчөт отургузулду
07-апрель 2026, 09:41
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Токтобаев Акыл Токтобаевич, биринчи орун басары Сейдалиев Жениш Каныбекович, ошондой эле орун басарлары А.К. Раимкулова, Мусаев Алмаз Мустафаевич жана Турсуниязов Амантур Токтобаевич, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын эмгек жамааты менен биргеликте көчөт отургузуу аземине катышты.
Иш-чара 2026-жылдын 5-апрелинде Токмок шаарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасынын аймагында өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулуп, анын алкагында катышуучулар тарабынан жаратылышты коргоо жана жашылдандыруу максатында жалпы 2000 даана көчөт отургузулду.
Бул демилге өлкөдө экологиялык абалды жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана “Жашыл мурас” программасын ишке ашырууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Табиятты коргоо – ар бирибиздин милдет! Жашыл келечек үчүн бирге аракет кылалы!