Жаратылыш парктарына жаңы технологияларды киргизүү

Нарын өрөөнү
Жаратылыш парктарына жаңы технологияларды киргизүү

"Салкын-Тор" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында ушул жылдын 8-9 август күндөрү эки тараптуу келишимдин негизинде Борбор Азия Университетинин алдындагы "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү институтунун" кызматкерлери В.Загинаев, М. Куликов, С.Калмуратов менен биргеликте Салкын-Тор жана Дөбөлү коктуларында жасалма интелектини токой инвентаризацияларын үйрөтүү боюнча дрон учурулуп, -жалпысынан 10га аянт изилдөөгө алынды. Андан тышкары Тянь-Шань карагайынан үлгүлөр дендралогиялык изилдөөлөргө жана айланадагы дарак өсүмдүктөрүнө байкоо жүргүзүлдү.  Ошол эле мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлерине 2024- жылга белгиленген пландын негизинде Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө "Өрт коопсуздугун алдын алуу жана Жарандык коргонуу" боюнча окуулар өткөрүлдү  мындан сырткары бөлүмдөгү Өрт өчүрүүчү автоунаалар менен кошо шаймандары менен таанышуу болду.