‼️Көңүл буруңуздар, импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр!

Чүй өрөөнү
‼️Көңүл буруңуздар, импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр!

2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргызская Республика аймагында өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасы иштеп жатат. Эгер сиз 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтом менен бекитилген 24 топко кирген товарларды жана таңгактарды (анын ичинде аккумуляторлор, шиналар, майлоочу майлар, кагаз, картон, тиричилик техникасы жана башка товарлар) импорттосоңуз же өндүрсөңүз, анда сиз утилизациялык жыйымдын төлөөчүсү болуп эсептелесиз.

Импорттоочулар жыйымды товар Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөөгө милдеттүү. Өндүрүүчүлөр — ар бир квартал сайын, кийинки айдын 15ине чейин төлөшү керек.

Чогулган каражаттар таштандыларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экологиялык инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.

Жыйымды өз убагында төлөбөө ар бир кечиктирилген күн үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өсүмпул жана айып пулдардын эсептелишине алып келет.