Киберкоопсуздукка көңүл буруңуз: Министрлик киберкылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүдө

Чүй өрөөнү
Киберкоопсуздукка көңүл буруңуз: Министрлик киберкылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте кызматкерлер үчүн маалыматтык-агартуу жолугушуусун өткөрдү. Иш-чаранын негизги темасы — киберкылмыштуулуктун алдын алуу жана киберкоопсуздукту камсыздоо болду.

Иш чаранын негизги себеби — тынчсыздандыруучу статистика жана киберкооптуу учурлардын өсүшү. Бул көйгөй мамлекеттик түзүмдөр менен гана чектелбестен, ар бир жаранга да түздөн-түз таасир этүүдө. Көмүскөдөгү сандар артында — кайгы, коркунуч жана көп учурда унчукпай калуу менен коштолгон чыныгы окуялар жатат.

Ички иштер министрлигинин адистери жолугушууда интернет алданыштарынын кеңири тараган ыкмалары, жеке маалыматтарды коргоо жолдору, ошондой эле киберчабуул болгон учурда көрүлө турган аракеттер тууралуу кеңири маалымат беришти. Катышуучулар суроолорун берип, жеке жана кызматтык жашоодо санариптик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча практикалык кеңештерди алышты.

Бул иш-чара мамлекеттик кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана киберкоопсуздук маданиятын калыптандыруу боюнча кеңири демилгенин бир бөлүгү болуп калды.

Министрлик баса белгилейт: кабардар болуу — бул корголгон болуу дегенди түшүндүрөт. Санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан шартта, алдын алуу жана сак болуу — киберкооптуу коркунучтарга каршы күрөшүүнүн негизги куралдары болуп саналат.