ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА!

Чүй өрөөнү
ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА!

ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА!

Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2025-жылдын 9-июлундагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы №185 токтомунун колдонуу мөөнөтү сакталып калганын Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы билдирет.

Мурда Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 19-апрелиндеги чечими менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы №185 токтому«Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана карыздарды өндүрүү ставкаларын жана тартибин бекитүү жөнүндө» мыйзамсыз деп табылып, күчүн жоготкон деп эсептелген жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы №449 токтомуна артка күч берүүгө милдеттендирилген болчу. Бул чечим жокко чыгарылган.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы билдирет, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон лицензиаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-сентябрындагы №185 токтомуна ылайык, 2021-жылдын 16-октябрынан 2022-жылдын 31-августуна чейинки мезгил үчүн лицензияны кармап туруу боюнча жыйымды эсептеп, төлөшү керек.

Суроолор боюнча, төмөнкү номер аркылуу кайрылыңыздар:

Байланыш телефону: 0312 904040 (кошумча 1087)