Мыйзамсыз орнотулган канализацияларды аныктоодо 4 үйгɵ протокол түзүлүп 22 000 сом айып пул салынды
25-август 2023, 16:52
Мыйзамсыз орнотулган канализацияларды аныктоодо 4 үйгɵ протокол түзүлүп 22 000 сом айып пул салынды
2023-жылдын 24-августында Аламедин районунун Төмөнкү-Аларча айыл аймагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору кезетеги мыйзамсыз орнотулган канализацияларды аныктоо боюнча кайрадан рейд өткөрүштү, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренаждык тармактарга куюлат. Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээлерине жана ишканаларга Укук бузуу кодексинин 246 беренесинин негизинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги тарабынан 4 протокол түзүлдү.