GSLEP (Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программа) башкаруучу комитетинин 9-жыйынынын экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри М. Машиев Индия Республикасынын Курчап турган чөйрө, токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшү боюнча министринин орун басары мырза Кирти Вардан Сингх менен жолугушту

Ысык-Көл өрөөнү
GSLEP (Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программа) башкаруучу комитетинин 9-жыйынынын экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри М. Машиев Индия Республикасынын Курчап турган чөйрө, токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшү боюнча министринин орун басары мырза Кирти Вардан Сингх менен жолугушту

GSLEP (Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программа) башкаруучу комитетинин 9-жыйынынын экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри М. Машиев Индия Республикасынын Курчап турган чөйрө, токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшү боюнча министринин орун басары мырза Кирти Вардан Сингх менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Индия тарапка Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) активдүү катышып, туруктуу колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирилди. Кыргызстан Индиянын жаратылышты коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы аракеттерин жогору баалайт жана бул тармактарда Индияны маанилүү өнөктөш катары эсептейт.

Индия ак илбирс менен байланышкан экологиялык туризмди өнүктүрүүдө ийгиликтүү тажрыйбаларды көрсөтүп жатканы белгиленди. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин делегациясы буга чейин Ладакх регионуна барып, экологиялык маршруттарды башкаруу жана жаратылышты коргоо чаралары жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешкен. Ушуга байланыштуу кыргыз тарап бул багытта биргелешкен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Ак илбирсти сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. Ошондой эле Индияны ак илбирстин жашоо чөйрөлөрүн коргоо максатында Биоар түрдүүлүктү сактоо боюнча глобалдык фонддун (GBFF) демилгесине катышууга чакыруу айтылды. Бул демилге Куньмин–Монреаль глобалдык биоар түрдүүлүк рамкалык программасынын алкагында негизги аймактарды OECM (башка эффективдүү коргоо чаралары) катары таанууну карайт.

Мындан тышкары, жыл сайын 23-октябрда белгиленип келген Эл аралык ак илбирс күнүн биргелешип майрамдоо демилгеси көтөрүлдү. Бул күндү белгилөө тууралуу резолюция Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Бул күндүн алкагында ак илбирстин уникалдуулугун баса белгилеген спорттук, маданий жана агартуу иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун соңунда, Кыргыз Республикасы Чолпон-Ата резолюциясын Индия тараптан колдоону үмүт кылаарын билдирди. Бул документ ак илбирс жашаган өлкөлөрдүн акыркы жыйынында кабыл алынган.