Кереметтүү кадрлар! Ысык-Көлдө тоо теке жана Марко Поло койлорунун үйүрү видеого тартылды

Ысык-Көл өрөөнү
Кереметтүү кадрлар! Ысык-Көлдө тоо теке жана Марко Поло койлорунун үйүрү видеого тартылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тоо текелердин жана Марко Поло койлорунун үйүрү видеого түшүрүлдү. Сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тасмага тартып алышкан.

Адистердин айтымында, акыркы убактарда жапайы жаныбарларды коргоого жана алардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого багытталган иштердин натыйжасында аймакта тоо текелердин жана Марко Поло койлорунун санынын табигый жол менен көбөйүү тенденциясы байкалууда.

Жапайы жаныбарлардын популяциясынын өсүшү — жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөткөн маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири.


Белгилей кетсек, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жапайы жаныбарларды браконьерликтен коргоо, алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Мындай иш-чаралар жаныбарлар дүйнөсүн сактоого гана эмес, өлкөнүн жаратылыш байлыктарын келечек муундарга татыктуу жеткирүүгө да өбөлгө түзөт.