Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жыйноого жана пайдаланууга убактылуу тыюу салынды

Чүй өрөөнү
Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жыйноого жана пайдаланууга убактылуу тыюу салынды

Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жыйноого жана пайдаланууга убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 токтомду кабыл алып, айрым өсүмдүктөрдүн түрлөрүн пайдаланууга 2027-жылдын 1-январына чейин убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизди.

Бул чечим жаратылышты жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү коргоо максатында кабыл алынды.

Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн катарына төмөнкүлөр кирет:

макротомия, арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, самарканд өчпөс гүлү, Ольга жөө желими, узун мамычалуу жөө желим, мамычалуу жөө желим, Чимган жөө желими.

Эми бул өсүмдүктөрдү:

    •    жыйноого жана даярдоого,

    •    сатып алууга жана сатууга,

    •    ташууга жана пайдаланууга,

    •    экспорттоого тыюу салынды.

Бул чаранын негизги максаты – жапайы өсүмдүктөрдүн запасын сактоо, алардын жер астындагы бөлүктөрүнүн (тамыр, пияз, түп ж.б.) азайышын жана жаратылыш чөйрөсүнүн бузулушун алдын алуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аталган токтомду аткарууга алып, юридикалык жана жеке тараптарга тыюу салынган өсүмдүктөрдү даярдоого уруксат кагазын берүүнү токтоткон.