"Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү"

Чүй өрөөнү
"Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү"

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан бүгүнкү "Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү" менен чын жүрөктөн куттуктайм!

1972-жылы негизделген жана жыл сайын 5-июнда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды белгилүү бир тема жана ураан астында жердин экосистемаларын коргоо жана калыбына келтирүү кыймылына тартуу менен бириктирет.

2024-жылы Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн темасы жерди калыбына келтирүү, чөлгө айлануу жана кургакчылык менен күрөшүү маселесине арналып, ал жалпы “Биздин жер. Биздин келечегибиз. Биз Калыбына Келтирүүчү Муунбуз” ураан астында белгиленет. 

Бул ураан бизге убакытты артка кайтара албай турганыбызды, бирок Кыргызстандын кайталангыс жаратылышын сактоо жана калыбына келтирүү үчүн көп иштерди жасай аларыбызды эске салат. Биз токойлорду өстүрүп, топуракты калыбына келтирип, суу жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулата алабыз. Биз - жер менен тил табышып, аны сактап калуу үчүн жоопкерчиликти ала турган муунбуз.

Мен биздин өлкө бул аракеттерге активдүү катышып жатканына сыймыктанам. “Жашыл Мурас” улуттук программасы биздин жаратылышты калыбына келтирүүгө умтулганыбыздын жаркын мисалы болуп саналат. Бул программанын алкагында өлкөнүн бардык аймагында, өзгөчө экосистемаларды калыбына келтирүү менен тоолуу аймактарда бак-дарактар отургузулууда. Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 13,3 гектар жерге 19 миллион көчөт отургузулду жана бул иштер активдүү улантылууда.

Азыркы учурда Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттун саламаттыгын сактоо, тургундардын жана келечек муундардын кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылыш байлыктарын коргоо, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында иштер алынып барылууда.

Тоолуу өлкөлөрдүн бири катары Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана өнүгүүнүн климатка туруктуу, аз көмүртектүү туруктуу моделдерине өтүүнү тездетүүгө чечкиндүү бойдон калууда. 2050 – жылга - көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү. Министрлик тарабынан климаттык саясат маселелерин илгерилетүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын “Тоону туруктуу өнүктүрүү” резолюциясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2023-2027-жылдар тоолуу өлкөлөрдүн милдеттерин жана көйгөйлөрүн чечүүгө багытталып, тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасында ак илбирсти коргоо, аны табигый чөйрөдө сактоо, санын жана экосистемасын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №369 “Ак илбирсти улуттук символ” деп таануу жөнүндө  Жарлыгы чыгарылган. 

Атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү маселеси да, Министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жалпы аткарган иштери  Бишкек шаарынын жаңы конуштарын газдаштыруу, коомдук траспортту жаңыртуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, Дүйнөлүк Банк менен өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу долбоорун каржылоо максатында 50,0 млн. АКШ долларлык каржылоо келишимине кол коюлду жана Жогорку Кеңештен  ратификациядан өттү.

Ошондой эле ченемдик укуктук базаны жана калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Экономикалык жөнгө салуунун Заманбап механизми –  Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги киргизилди. 

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи болуп “Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимердик пленкадан жана пластмассадан жасалган каптарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынды. Мыйзамга ылайык 2027-жылдан баштап өлкөнүн бардык аймактарында полимердик пленкадан жана пластмассадан жасалган баштыктарды өндүрүүгө, сатууга жана бекер таратууга тыюу салуу каралган.

Министрликтин өнүгүшүнүн негизги багыты экологиялык коопсуздукту чыңдоо, экономиканын реалдуу секторун колдоо жана өнүктүрүү, мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн бардык этаптарында маалыматташтыруу, жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү жана коомдук бирикмелердин ролунун өсүшү менен тыгыз байланышта. Экология, биринчи кезекте, бул прогресс үчүн зарыл болгон жаңы билим.

Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын ар кандай өздөштүрүүдө жаратылышка тийгизген таасирин минималдаштырган алдыңкы жашыл технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

Бүгүн мен айлана-чөйрөнү коргоого жана жерлерибизди калыбына келтирүүгө салым кошуп жаткандардын бардыгына – Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес сектордун кызматкерлерине, илимге, бизнеске, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө – Сиздердин эмгегиңиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. 

Келгиле, жерибиздин жыргалчылыгы, аны келечек муундарга сактап калуу үчүн бирге иш алып баралы. Бул күн биздин жалпы жоопкерчилигибизди эскертип, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жаңы жетишкендиктерге дем берсин. 

 Министр М.Тургунбаев