Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Дүйнөлүк банк климат жана экология тармагында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Дүйнөлүк банк климат жана экология тармагында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө

Бүгүн, 2026-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев менен Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл мырзанын расмий жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар негизги экологиялык демилгелердин ишке ашырылышын талкуулап, жакынкы мезгилге карата биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Жолугушууда министр «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду. Ал шаардык чөйрөдө ыштын деңгээлин төмөндөтүү үчүн мониторинг системаларын киргизүүнүн жана практикалык чараларды көрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулашты. Бул документ өлкөнүн глобалдык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруусу үчүн укуктук негиз түзүүгө багытталган.

Хью Ридделл мырза Дүйнөлүк банктын Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн тоо экосистемаларын коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин эл аралык деңгээлде колдоого даяр экенин билдирди. Бул багыт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Министр Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банкка ишенимдүү өнөктөш катары ыраазычылык билдирип: «Биз Дүйнөлүк банктын экология тармагын модернизациялоодогу колдоосун жогору баалайбыз. Биргелешкен ишибиз — бул жөн гана долбоорлорду ишке ашыруу эмес, өлкөнүн туруктуу келечегине кошкон негизги салым», — деп белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Министрликтин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүдөгү лидерлик ролун белгилеп, Кыргызстандагы экологиялык реформаларды эксперттик жана каржылык жактан колдоону кеңейтүүгө даяр экенин тастыктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар жаратылыш ресурстарын башкаруу жана инновациялык экологиялык технологияларды киргизүү сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча кызматташууну мындан ары да активдештирүүгө даяр экенин билдиришти.