Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Т. Токтобаевдин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдиев мырза менен жолугушуусу

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Т. Токтобаевдин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдиев мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп жылдык кызматташуунун оң жыйынтыктарын белгилешти. Министр айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү багытында көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн БУУнун ФАО уюмуна ыраазычылык билдирди.

Гучгельдиев мырза биологиялык ар түрдүүлүк, климаттын өзгөрүшү жана кооптуу калдыктарды башкаруу багыттарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле тараптар MP BIA программасына байланышкан маселелерди, Глобалдык экологиялык фонддун тогузунчу циклинин артыкчылыктуу багыттарын, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы менен кызматташуу алкагындагы иш-чараларды жана башка маселелерди талкуулашты.