Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министири М.Тургунбаев ФАОнун башкы директору доктор Цюй Дунъюй менен жолугушту

Чүй өрөөнү

18-сентябрь, Нью-Йоркто

18-сентябрда Нью-Йоркто министр М.Тургунбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башчысы доктор Цюй Дунъюй менен жолугушуу өткөрдү.

Министр Уюмга ФАОнун курчап турган чөйрөнү коргоого, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, туруктуу айыл чарбасын жана токой чарбасын колдоого багытталган ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу салымы жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

М.Тургунбаев Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерине өзгөчө маани берерин жана бул контекстте Борбордук Азия өлкөлөрүнө бузулган жерлерди калыбына келтирүүдө,  жана суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда колдоо көрсөтө турган бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Аны натыйжалуу пайдалануу, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу-жер байланышына тиешелүү аялуу экосистемаларда жердин деградациясынын бейтараптыгына жетишүү жана суу ресурстарын комплекстүү башкаруу боюнча иш-аракеттердин жалпы стратегиялык планын иштеп чыгуу болуп саналат.

Тараптар ошондой эле тоо демилгесин, «Жашыл Мурас» демилгесин, ошондой эле алдыдагы COP-28 алкагында алдыга жылдыруу боюнча мүмкүн болгон өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.