КР Курчап турган чөйрөнү коргоо департаментинде ЕБ МНТЦ нын директору менен жолугушуу болуп өттү

Чүй өрөөнү
КР Курчап турган чөйрөнү коргоо департаментинде ЕБ МНТЦ нын директору менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу департаментинде (Департамент) Европа Биримдигинин Эл аралык илимий-техникалык борборунун (ЕБ МНТЦ) аткаруучу директору Карина Ангелиева айым менен жолугушуу болду.

Европа Биримдигинин МНТЦ уюму Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоо багытында активдүү иш жүргүзүп келет.

Жолугушуунун негизги темасы — Европа Биримдигинин ХБРЯ (химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук коркунучтар) боюнча мыкты адистешкен 87 борборунун PRECA долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышы болду. Бул долбоордун аталышы: «Ири массалык иш-чаралар учурунда жана саламаттык сактоонун башка тармактарындагы коркунучтарга даярдык жана жооп кайтаруу».

PRECA — Европа Биримдиги тарабынан 2021–2025-жылдары каржыланган жана МНТЦ тарабынан ишке ашырылган флагмандык долбоор. Ал Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө ишке ашты.

Долбоордун максаты — массалык иш-чаралар учурунда жаралуучу тобокелчиликтерге даяр болуу жана өз убагында жооп кайтаруу аркылуу Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо жаатындагы коопсуздукту чыңдоо.

Карина Ангелиева айым Кыргызстанга долбоорго активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 186 адиси атайын окуудан өтүп, кесиптик деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык адистердин кеңири тармагына кошулуп, регионалдык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну бекемдеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Департаменттин директору Т. Далбаев долбоор алкагында алынган жабдыктарды көрсөтүп, МНТЦ ЕБге колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

PRECA долбоорунун жыйынтыктарын талкуулоодон сырткары, тараптар МНТЦ ЕБ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы учурдагы жана келечектеги кызматташуу багыттарын да карашты.

Эки тарап тең жогорку квалификациядагы адистерди даярдоого жана алардын кесиптик өсүшүнө инвестиция салуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул багыт — ХБРЯ тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-чараларды сапаттуу ишке ашырууда узак мөөнөттүү салым жана маанилүү шарт катары таанылды.