Көмүр казып алуу ишканалары менен жолугушуу
08-октябрь 2025, 15:18
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басарлары М. Жусупбеков жана А. Раимкулова 2025-жылдын 6-октябрындагы № 639 токтомуна ылайык «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруу алкагында көмүр казып алуу ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө көмүр тармагындагы актуалдуу маселелер жана аталган токтомдун талаптарын өз учурунда жана так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштеринин маанилүүлүгү талкууланды.
Министрдин орун басарлары Бишкек шаары менен Чүй облусундагы абанын сапатын жакшыртуу жана аны коргоо максатында токтомдун талаптарын так сактоонун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилешти.
Ошондой эле 0–13 мм өлчөмүндөгү фракциядагы көмүр («отсев» деп аталган майда көмүр) майда бөлүкчөлөрдөн турат жана турмуш-тиричилик шартында колдонууда натыйжалуулугу төмөн экендиги айтылды. Мындай көмүр күйгөн учурда көмүр чаңы көп бөлүнүп чыгып, абанын кошумча булгануусуна алып келет.