Эл аралык Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын экинчи күнү

Чүй өрөөнү
Эл аралык Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын экинчи күнү

2024-жылдын 23-майында “Пландын бир бөлүгү бол” урааны астында Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнө арналган иш-чаранын экинчи бөлүгү болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин, Кыргызстандын Орхус борборунун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жана Кыргыз улуттук университетинин студенттери Чоң Чүй каналынын жээгинде ишембилик өткөрүп, каналга таштанды ыргытпоого чакырган транспаранттарды орнотушту. Ошол эле жерде “Акмена” коомдук уюму тарабынан Чүй каналында жашаган сүт эмүүчүлөр, канаттуулар жана балыктар жөнүндө тааныштыруу лекциясы өткөрүлдү.

Андан соң катышуучулар Лебединовка айылында жайгашкан “Экодом на быстротоке” демонстрациялык-окутуу борборуна барышты. Бул жерде мастер-класстар жана экскурсиялар өткөрүлүп, катышуучулар энергоэффективдүү калдыксыз система жана калыбына келтирүүчү органикалык айыл чарбасы менен таанышышты. 

Жыйынтыгында акцияга катышкан студенттер БСӨКЖА Департаментинин дипломдору жана “Акмена” коомдук уюмунун белектери менен сыйланышты.