Ош шаарына болгон иш сапардын экинчи күнү: Ош облусунун негизги экологиялык маселелери талкууланды
25-март 2026, 14:30
Чүй өрөөнү
Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу: актуалдуу экологиялык жана инфраструктуралык маселелер талкууланды
Ош облусуна болгон иш сапардын экинчи күнү министр А. Токтобаев аймактагы негизги экологиялык жана инфраструктуралык объекттер менен таанышуу иштерин улантты.
Ош шаарынын вице-мэри Э. Толтоев шаардык таштанды полигонун рекультивациялоо иштери, ошондой эле таштанды өрттөөчү заводдун курулушу тууралуу маалымат берди. Бул объекттер менен таанышуу түздөн-түз алардын жайгашкан жеринде жүргүзүлдү.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилиги Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кенжебаев жана район акимдери менен жолугушту.
Жолугушуу министрдин орун басары А. Мусаевдин презентациясы менен башталып, анда министрликтин аймактагы негизги милдеттери жана артыкчылыктуу багыттары белгиленип, жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондук администрациялардын өкүлдөрү бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү:
• эски жана авариялык дарактарды кыюуга байланышкан жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү зарылдыгы;
• бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана жер-жерлерде маселелерди ыкчам чечүү;
• калк жыш жайгашкан Ноокат районунда канализация инфраструктурасынын жоктугу жана тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн донордук уюмдарды тартуу зарылдыгы;
• «Кара-Шоро» өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында автоунаа жолдорун жана электр берүү линияларын куруу маселелери;
• «Кыргыз-Ата» өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында ижарачылардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер. Бул боюнча жеринде иш алып баруу үчүн атайын комиссия түзүлөрү белгиленди. Инфраструктураны өнүктүрүү максатында көргөзмө аянтчасын, унаа токтотуучу жайды жана көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу пландалууда.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча А. Мусаев учурда Өкмөттүн №677 токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатканын, бул чаралар аталган тармактарды жөнгө салуу механизмдерин жакшыртууга багытталганын белгиледи.
Өзгөн районунун акими К. Апбасов тазалоочу курулмаларга коюлган талаптарды кайра карап чыгуу, анын ичинде пайыздык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле жерлерди трансформациялоо маселелерин көтөрдү.
Алай районунун акими М. Шамырканов кен казуу иштеринин натыйжасында жерлердин деградацияга учурашы көйгөйүн белгилеп, инвестиция тартуу жана бузулган аймактарды калыбына келтирүү боюнча комплекстүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын баса көрсөттү.
Жолугушууда тоо-кен тармагындагы маселелерге да өзгөчө көңүл бурулду:
• Чоң-Алай районунда кендерди иштетүүгө лицензия берүү тартибин өркүндөтүү;
• лицензия берүү процессине жергиликтүү калктын пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен көзөмөлдү күчөтүү;
• жерлерди рекультивациялоого берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдүн жетишсиздиги жана алардын иш жүзүндөгү чыгымдарды жаппай жатышы.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр А. Токтобаев жергиликтүү бийлик органдары менен ачык жана конструктивдүү диалог түзүү артыкчылыктуу экенин белгилеп, министрликтин аймактагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешкен, системалуу жана натыйжалуу иш жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле учурда министрлик тарабынан кендерди иштетүүгө берилген бардык лицензияларга комплекстүү инвентаризация жүргүзүлүп жатканы белгиленип. Бул процесс жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө болуп, өлкөнүн жаратылыш ресурстарын ачык-айкын, мыйзамдуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.