Бишкек шаары жана Чүй облусунда 0–13 мм фракциядагы чачма көмүрдү колдонууга тыюу салынды
06-октябрь 2025, 17:18
Айлана-чөйрөнү коргоо, жарандардын жашоого жагымдуу экологиялык шартта жашоо укугун камсыз кылуу жана атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 6-октябрында №639 токтомун кабыл алды – «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө».
Аталган токтомго ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында 0–13 мм фракциядагы чачма көмүрдү (т.а. майда көмүрдү) алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынды, жылуулук берүүчү ишканаларга жеткирүү учурларын кошпогондо.
Бул фракциядагы чачма көмүр (көбүнчө «отсев» деп аталат) 13 ммге чейинки майда көмүр бөлүкчөлөрүнөн турат. Ал арзан болгону менен, көп чаң чыгарат, тез күйүп кетет жана атмосфераны кошумча булгантууга алып келет. Ошондуктан аны үй шартында колдонуу сунушталбайт.
Токтомду аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:
белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын катуу көзөмөлдөө;
уруксат берилген көмүр түрлөрүн сатуу пункттарынын жетиштүү санын камсыз кылуу;
калк арасында кабыл алынган чаралардын мааниси жана экологиялык маанилүүлүгү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүп, негизсиз кымбаттоонун алдын алуу тапшырылды.
Бул чечим атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана калктын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган.