Көк-Арт дарыясынын нугунан мыйзамсыз түрдө кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казып алуу фактысы аныкталды

Жалал-Абад өрөөнү


Анда, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн укук тартиби, коомдук коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Манас шаарына караштуу Кыргызстан айылынын аймагындагы Көк-Арт дарыясында «Барсбек Коган Ко» тарабынан дарыянын нугунан мыйзамсыз түрдө кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык юридикалык жакка 35 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Ошондой эле ушул эле мыйзам бузууга катышкан жеке жаранга 13 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул колдонулду.