Мыйзамсыз бактар кыйылган фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Мыйзамсыз бактар кыйылган фактысы аныкталды

Жарандардан келип түшкѳн Лесное айылынын кире беришинде бактар кыйылгандыгы тууралуу маалыматтын негизинде Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору  жеринен кароо жүргүзүшүп, жыйынтыгында  21 даана ар кандай түрдөгү диаметри 10 сантиметрден 90 сантиметрге чейинки бактар эч кандай уруксат кагазы жок мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 сандуу токтомуна ылайык Ш.Ш. аттуу жаранына 180 566,48  сомду түзгөн доо коюлду. 

Жогоруда көрсөтүлгөн доо өз ыктыяры менен мамлекеттин казынасына төлөнүп берилди.