Пландык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Чүй өрөөнү
Пландык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуу аныкталды
2026-жылдын 9-февралында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн алкагында «Атаман Кей Джи» ЖЧКсына таандык автоунаалар текшерилди.


Текшерүүнүн жүрүшүндө колдонуудагы мыйзам талаптарынын бузулганы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлдү. Натыйжада укук бузуучуга жалпы суммасы 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы чарба жүргүзүүчү субъекттерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Текшерүү иш-чаралары мындан ары да улантылып, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.