Мурас Синтез ЖЧКсына карата текшерүү жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталды

Чүй өрөөнү
Мурас Синтез ЖЧКсына карата текшерүү жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталды

Мурас Синтез ЖЧКсына карата текшерүү жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан «Мурас Синтез» ЖЧКсына пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык жана техникалык коопсуздук тармагындагы бир катар кемчиликтери аныкталып, аларды жоюу максатында жеринде акт түзүлүп, тиешелүү жазма эскертме берилди.

Мындан тышкары, текшерүү маалында одоно түрдө мыйзам бузуу фактылары да катталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлдү. Натыйжада, ишканага карата жалпы 99 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарга жана чарба субъекттерине экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет. Мыйзам талаптарын бузган учурларда тиешелүү жоопкерчилик чаралары мыйзам чегинде көрүлөрүн билдирет.