Абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү
29-октябрь 2025, 16:55
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы 221-тескемеси менен курамы 25 министрлик жана ведомстводон турган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутаты кошулган Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тар курамдагы жыйыны министр М. Машиевдин жетекчилиги астында өттү.
Жыйынга КР Энергетика министрлигинин, КР Транспорт министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле УНАА мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы өлкөнү газдаштыруу боюнча кеңири презентация жасап, учурдагы иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле УНАА мамлекеттик мекемеси республикадагы автотранспорт каражаттары боюнча аналитикалык маалыматтарды сунуштап, комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Жыйында атмосфералык абанын булганышынын негизги себептеринин бири болгон автотранспорттон чыккан зыяндуу заттарды азайтуу жана өлкөнү газдаштыруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, 2026–2027-жылдарга карата абанын сапатын жакшыртууга багытталган максаттуу иш-чаралар каралды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга аналитикалык маалыматтарды жаңыртуу, транспорттон чыккан чыгындыларды кыскартууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле абанын сапатын жакшыртуу жана жаратылышты коргоо боюнча көзөмөл механизмдерин күчөтүү тапшырмалары берилди.
Министр М. Машиев комиссиянын мүчөлөрүн тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга чакырып, Транспорт министрлигине автотранспорт каражаттары боюнча бир катар сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле аналитикалык жана так маалыматтар маселелерди системдүү түрдө чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.