Кен байлыктарын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин ХХVIII-сессиясы Казакстандын Астана шаарында өз ишин баштады

Чүй өрөөнү
Кен байлыктарын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин ХХVIII-сессиясы Казакстандын Астана шаарында өз ишин баштады

Кыргыз Республикасынын делегациясын аталган сессияда Кыргыз геология кызматын жетектеген министрдин орун басары М. Жусупбеков жетектөөдө.

М. Жусупбеков сессиянын катышуучуларын тосуп жатып, Казакстан тарапка жылуу кабыл алуу жана ынтымактуу, достук чөйрө түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул сессияда катышуучуларга жемиштүү иш алып барууга шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Өзүнүн кайрылуусунда ал Өкмөттөр аралык кеңештин алкагындагы кызматташтык — өзгөчө кен байлыктарды пайдалануу процессин санариптештирүү, пайдалуу казылмалардын запастарын эсептөө системалары, мыйзам базасын өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуу ж.б. багыттарда — КМШ мүчө-мамлекеттеринде геология жана тоо-кен тармактарынын өнүгүүсүнө оң таасир берип жатканын белгиледи.

Андан ары М. Жусупбеков Кеңештин 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгы жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча ишмердүүлүгү тууралуу отчетту сунуштады. Ал сессия аралык мезгилде Кеңештин Төрагасы катары төмөнкү жыйындарга баяндамачы катары катышканын маалымдады:

2024-жылдын 20-ноябрында — КМШ мамлекеттеринин 2023–2030-жылдарга карата кен байлыктарын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Перспективдүү планын ишке ашыруу тууралуу маселе;

2025-жылдын 25-июнунда — Кен байлыктарын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин 2021–2024-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маселе.

Бул маселелер КМШнын Экономикалык кеңешинин 105-жыйынында (2025-жылдын 29-апрели) жана 107-жыйынында (2025-жылдын 5-сентябры) жогорку деңгээлде каралды. Кеңештин ишмердүүлүгү КМШ өлкөлөрүнүн вице-премьер-министрлери тарабынан оң бааланып, биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы белгиленди. Алардын катарында:

Улуу Алтай аймагындагы илимий-тажрыйбалык кызматташуунун жанданышы;

Каспий-Арал-Амударья аймагындагы нефть-газ алып келүүчү структураларды биргелешип изилдөө;

Борбор Азиянын геологиялык карталарынын Атласын түзүүгө керектүү маалыматтарды жаңыртуу жана даярдоо;

КМШга мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен чек арага жакын аймактардагы жер алдындагы суулардын мониторинги, ошондой эле сейсмоактивдүү аймактардагы геофизикалык жана газ-гидрогеохимиялык талааларды изилдөө;

геология тармагына заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана пайдалануу;

пайдалуу кендердин запастарын эсептөө боюнча системаларды өркүндөтүү жана БУУнун минералдык ресурстар боюнча алкактык классификациясынын негизинде эксперттик коомчулукту өнүктүрүү.

Мындан тышкары, Кеңешке катышкан КМШ мамлекеттеринин тийиштүү министрликтерине жана мекемелерине төмөнкү багыттар боюнча иштерди улантуу тапшырмасы берилди:

мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана функцияларды санариптештирүү боюнча мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү;

геохимиялык изилдөөлөрдө колдонулуучу лабораториялык-аналитикалык ыкмалар жана технологиялар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

пайдалуу казылмалардын улуттук классификацияларын эл аралык системалар менен шайкеш келтирүү;

геологиялык мурас болуп эсептелген жаратылыш объекттерин сактоо максатында геопарктарды түзүү;

геология тармагына кадрларды даярдоо маселеси;

геология жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча актуалдуу жана келечектүү багыттарга ылайык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларды КМШнын жогорку органдарына сунуштоо.

Сессия аралык мезгилде 2023–2030-жылдарга карата Перспективдүү пландын алкагында КМШ мамлекеттери төмөнкү маселелерди иштеп чыгышты:

геологиялык картографиялоо, кен байлыктарын чалгындоо жана пайдалануу багытында артыкчылыктуу кызматташуу;

колдонулуп жаткан стандарттарды жана техникалык талаптарды бирдиктүү кылуу;

чалгындоо жана кен казып алуу боюнча нормативдик-методикалык документтерди алмашуу жана өркүндөтүү;

кен пайдалануу процессин санариптештирүү.

2024–2025-жылдар үчүн Перспективдүү планды ишке ашыруу боюнча кеңири отчет сессиянын материалдары катары катышуучулардын столдорунда берилген.