10 ай ичинде суу объектилеринен 181 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды
26-ноябрь 2026, 11:37
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 10 айында өлкө аймагындагы суу объектилерин тазалоо жана суу биоресурстарын коргоо багытында бир катар иштер жүргүзүлдү.
Аталган мезгил аралыгында республиканын суу объектилеринен жалпы 181 002 метр балык уулоочу синтетикалык тор жана 3913 килограмм таштанды чогултулуп, чыгарылды.
Анын ичинен Ысык-Көл облусунун суу объектилеринен 116 200 метр синтетикалык тор жана 2627 килограмм таштанды алынган.
Чогулган торлор жана таштандылар Бишкек шаарындагы таштандыларды өрттөөчү заводуна жеткирилип, жок кылынды.
Белгилей кетсек, суу объектилеринде калып кеткен эски синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына олуттуу коркунуч жаратат. Аларга чалынган суу жаныбарлары тордон чыга албай, кырылып калуу коркунучуна дуушар болушат. Мындан тышкары, мындай торлор суу экосистемасынын табигый тең салмактуулугуна терс таасирин тийгизет.