Абанын булганышына жол берген банктын унаасына 23 000 сом айып пул салынды
24-сентябрь 2026, 13:57
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы интернет булактарында тараган экологиялык абаны булгаган унаа тууралуу маалыматты карап чыгып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүздү.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында абаны булгаган банктын унаасына таандык экендиги аныкталды.
Аталган факты боюнча «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, мекемеге 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, унаадагы аныкталган кемчиликтерди тез арада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.