Жайыт жерлерде Эндуро мотоцикл айдаган жарандарга айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Жайыт жерлерде Эндуро мотоцикл айдаган жарандарга айып пул салынды

Жайыт жерлерде Эндуро мотоцикл айдаган жарандарга айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан Эндуро мотоциклдерин айдоо фактылары аныкталды.

Рейд Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү. 


Текшерүү маалында жайыт жерлерде Эндуро мотоциклин айдаган эки жаран кармалып, алардын аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 245-2-беренесинин (“Жайыт жерлерди максатсыз пайдалануу жана экологиялык талаптарды бузуу”) негизинде 2 протокол түзүлдү.

Анын жыйынтыгында ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 11 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын, өзгөчө жайыт аймактарын жана экосистеманы бузган ар кандай мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү улантыларын белгилейт.


Жаратылышка этият мамиле — келечек муундарга болгон жоопкерчилик!