Эксплуатациядан өтө элек аттракциондо адамдардын катышуусу менен аттракциондун иштешин сыноо жүргүзүлгөн боюнча айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Эксплуатациядан өтө элек аттракциондо адамдардын катышуусу менен аттракциондун иштешин сыноо жүргүзүлгөн боюнча айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык  жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан интернет булактарына чыккан видеонун негизинде тактоо иши  жүргүзүлдү. 


Жыйынтыгында "Скай Интертеймент" компаниясына караштуу аттракционду сынап көрүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталган.


Эксплуатациядан өтө элек аттракциондо адамдардын катышуусу менен аттракциондун иштешин сыноо жүргүзүлгөн. 


Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 274/3-беренеси боюнча инспекторлор  тарабынан 20,000 сом айып пул салынды жана мындан ары мындай иштерди болтурбоо боюнча катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.